• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлекте милиция кызматкерлери тарабынан коронавирус илдетин алдын алууда тийиштүү чаралар көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Лейлекте милиция кызматкерлери тарабынан коронавирус илдетин алдын алууда тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Тажикстан Республикасынын Расулов, Гафуров райондору менен чектешкен Кулунду, Жаңы-Жер аймактарында милиция кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу максатында иш алып барууда.

Милиция кызматкерлери илдеттин жайылып кетпөөсүн алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында күчөтүлгөн тартипте күндүзгү жана түнкү багыттарда мобилдик топтор түзүлүп, жөө кайгуул иштерин колго алууда.

Лейлек районундагы милициянын көчмө кабылдамасы күн сайын илдеттин алдын алуу жана чектешкен аймактарда жашаган тургундарга жайылып кетпөө максатында коомчулукка эскертүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий