• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлекте мыйзамсыз алынып келе жаткан курма менен жүзүм кармалды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Лейлек районунда коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алынып келе жаткан 3 тоннадан ашык курма менен жүзүм кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынын билдиргени боюнча, Тажикстандан мыйзамсыз алынып келе жаткан жүк кечээ, 2-декабрь күнү Лейлек чек ара бөлүмүнүн чек арачылары тарабынан кармалган.

Ал жүктү Кыргызстандын жарандары алып келе жаткан. Алар айдаган "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү 3 унаада жалпы салмагы 3 тоннадан ашык жүзүм менен курма болгон. Бирок, аларда жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Алдын ала эсеп боюнча ал жүктүн наркы 35 миң сомдон ашат.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар КР Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий