• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Лейлекте сел каптаган жерлерди калыбына келтирүү иш-чаралары уланууда

Аймак 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Лейлек районундагы сел каптаган жерлерди калыбына келтирүү иш-чаралар уланууда,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалынын башчылындагы ыкчам топ, облустук жана райондук Жарандык коргону комиссиялары тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

“Сел каптаган жерлерди калыбына келтирүү иш-чараларына жалпысынан ӨКМден 100 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 11 техника иш алып барууда”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-майда болжол менен саат 16:33 чамасында Ак-Суу айыл аймагынын Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, үйлөдү суу каптап, бир нече малды агызган.

Пикир

Оставить комментарий