• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лейлекте талаадагы өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Лейлекте талаадагы өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-июнда Баткен облусунун Лейлек районунун администрациясы тарабынан дан эгиндерин оруп-жыйноо мезгилине карата райондук штаб түзүлүп, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноодо, өрт коопсуздугун камсыздоо тууралуу семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Лейлек райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн башчысы У.Мурзамуратов семинарга катышкан жергиликтүү тургундарга, дыйкандарга, комбайн, трактор айдоочуларына, механизаторлорго жана жүк ташуучу унаа ээлерине өрт кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу тууралуу баяндамасын жана сунуштарын айтты.

Аталган семинарга жергиликтүү айыл өкмөт башчылары, токой чарба кызматынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий