• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лейлекте тажикстандык чек арачылар кыргызстандык башкарган КамАЗды аткылаган. Себеби

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда кыргыз-тажик чек арасында тажикстандык чек арачылар тарабынан ок атылган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын жараны КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен Лейлек районундагы Максат - Жаштык жолунда бара жаткан. Аталган жол кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин бойлой өтөт.

“Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон. Ал учурда анын жанына үч тажикстандык аскер кызматкери келип, Тажикстан көздөй айдоону талап кылган. Айдоочу тажикстандык чек арачылар менен бирге жолун улаган. Башка бирөөнүн көңүлүн бурдуруу үчүн КамАЗдын айдоочусу күтүүсүздөн алдыда келе жаткан унаанын жолун тосуп, аны кармап алышканын кыйкырган. Коңшу өлкөнүн чек арачылары унаадан түшкөндө айдоочу унааны токтотпой айдай берген. Ал учурда аскер кызматкерлери КамАздын алдыңкы айнегине жана баллонуна үч ирет ок чыгарган”, - деп айтылат маалыматта.

Ок атуунун натыйжасында айдоочуга айнектин сыныктары тийип, ал олуттуу жараат алган эмес.

Учурда Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчин аймагы боюнча чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өтүүдө.

Окуяны тактоо максатында жеринде УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы аталган тилкедеги абалды көзөмөлдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий