• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Лейлекте “Арсенал”, “Профилактика” рейддик иш-чаралары өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү 23-24-февраль күндөрү “Арсенал”, “Профилактика” аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Жаштык, Достук, Арка жана Борбордук айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, каттоодо турган курал-жарактардын сактоо мөөнөттөрүн, сактоо эрежелерин текшерип чыгышты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга чогулуштарды уюштуруп, жаш өспүрүмдөргө көзөмөлдү күчөтүүнү, зордук-зомбулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) боюнча 4 жаранга эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий