• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлекте уурдалган “Хундай Портер” унаасы табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Лейлекте уурдалган “Хундай Портер” унаасы табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун 50 жаштагы К.А. аттуу тургуну өзүнүн “Хундай Портер” үлгүсүндөгү унаасы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирип, Лейлек РИИБне арыз менен кайрылган.

Арыз Лейлек РИИБнин КР Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Лейлек РИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында убактылуу жашаган Чүй облусунун Сокулук районунун 27 жаштагы Р.С. аттуу тургуну Сүлүктү шаарында изин жашырып жүргөн жеринен аныкталып кармалды.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий