• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлекте өзгөчө кырдаал режими киргизилип, Жарандык коргонуу штабы түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, Жарандык коргонуу штабы түзүлдү,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, анда “Лейлек районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө” буйрук чыгарылып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар коюлган.

“Райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын штабы түзүлүп, кырсыктан жабыркагандарды тактоо жана жоюу иш-чаралары улантылып жатат”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Лейлек районунда сел жүрүп, бир нече үйдү суу каптаган.

Пикир

Оставить комментарий