• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лейлектеги Юлдашев атындагы мектептин курулушу 85%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Чурбек айылындагы М.Юлдашев атындагы мектептин курулушу 85%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу 2021-жылы башталган. Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпустан, ашкана, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1604,4 чарчы метр түзүп, долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күнгө карата мектептин окуу корпусундагы жумуштар аягына чыгууда. Ошондой эле подряддык уюм тарабынан спорттук залынын курулушу, окуу эмерек менен жабдуу жана аймакты көрктөндүрүү жумуштары аткарылууда. Объекттин курулуш даярдыгы 85 пайызды түзөт.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркысы 64 млн 616 миң 200 сомду түзүп, толугу менен каржыланды. Объекттин курулушун үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий