• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлектеги сел: Ички чарбалык жол ачылып, электр жарыгы калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Лейлек районунда болгон селдин кесепетинен жабылып калган Исфана-Кулунду-Арка автоунаа жолу тазаланып, каттам толугу менен ачылды. Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин 100 куткаруучусу жана 400дөй жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тартылган.

“КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев сел жүргөн Лейлек районуна 14-майда барып, сел кесепеттерин жеринде көрдү. Облус башчысынын тапшырмасы жана жеке көзөмөлү менен тиешелүү кызматтар тарабынан район аймагында калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Селден улам 27 жеке турак жайга, 5 социалдык обьектке, 8 чарбалык курулуштарга, 22 короо жайларга суу кирген. 13,4 км ички чарбалык жолдорду, 6,2 км ички чарбалык арыктарды, 69 гектар айыл чарба жерлерин сел жууп кеткен. Ошондой эле 242 майда мүйүздүү, 30 ири мүйүздүү малдарды суу агызган. Беш чарбалык көпүрөнү, бир ички чарбалык көпүрөнү, 565м сел тосмосун 5 таза суу түтүгүн жараксыз абалга алып келген. 6 электр мамычасы, 4 автоунаа жабыркаган.

“Кулунду айыл өкмөтүндө таза суу, сугат суу, Ак-Суу айыл өкмөтүндө жол, электр энергия, телефон байланышын калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Исфана-Кулунду-Арка автоунаа каттамы ачылды”,-деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 13-майында болжол менен саат 16-00-17-30дар чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам Лейлек районунун дээрлик бардык аймактарында сел жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий