• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлектеги сел. Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолу бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Лейлек районундагы Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-майда саат 19:30дар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Лейлек районундагы Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолу убактылуу жабылган.

Калыбына келтирүү иштерине Катраң айыл өкмөтүнөн 1 автогрейдер, 1 автожүктөгүч тартылып, жол каттамы бир тараптуу ачылды.

Лейлек райондук энергия менен камсыз кылуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматынын көмөгү менен Баул айылындагы электр мамычасын калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий