• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лейлектеги сел: Турак жайлары жабыркагандар чатырларга жайгаштырылууда

Аймак 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда 2018-жылдын 9-10-11-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айыл аймактарында сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы Лейлек району боюнча 16 турак үйгө сел суулары кирип, 120 турак үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым ички чарбалык жолдорду, 5,7 чакырым ички чарбалык арыктарды, 1 чакырым суу түтүктөрүн, 370 метр дамбаны, 6 даана ички чарбалык көпүрөнү, 4 даана электр мамычасын сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш ири мүйүздүү малдарды сел суусу агызып кеткен.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзү жетекчилик кылып, жерина атайын техникалар тартылган.

Селдин кесепетинен турак жайлары жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында, КР Өзгөчө кырдаалдар министри Мирзахмедовдун тапшырмасы менен жеткирилген 10 орундуу 8 даана чатыр Катраң айылынын Таш-Коргон тилкесине тигилип колдонууга берилип, гуманитардык жардамдар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий