• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мыктылары менен бирге ардактуу конок катары Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мурат Мукамбетов катышты.

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун Президенттин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков окуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишине ийгиликтерди каалады.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев куттуктоо сөзүндө: “Акыркы жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүн өнүктүрүү багытында көп жигердүү аракеттер жасалды. Белгилүү болгондой, кызматчылардын мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө кошкон реалдуу салымы менен байланышкан материалдык дем берүү тутумун түзүү максатында 2013-жылдын 28-июнунан баштап эмгек акы төлөөнүн принципиалдуу жаңы системасы ишке кирди. 2013-жылдын 1-августунан тартып өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын бирдиктүү эмгек акы төлөө системасына өтүүсүнүн биринчи баскычы башталган. Бул шаар мэрияларынын, айыл өкмөттөрүнүн адистеринин айлык акысынын өлчөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Муну менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жана мамлекеттик башкаруу органдарындагы айлык акылары белгилүү деңгээлде теңдештирилди", – деди.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат түзүлгөндөн бери биринчи жолу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу тутумун өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы кабыл алынган. 2013-жылдан баштап аткарган ишинин жыйынтыгына жараша мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тутуму жайылтылып баштады.

Бул салтанаттуу иш чарада 17 мамлекеттик кызматкер “Мамлекеттик кызматтын отличниги” жана 8 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери “Муниципалдык кызматтын отличниги” сыйлыгы менен сыйланды. Ошондой эле, алдыңкы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы тапшырылды. “КРнын Мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси менен 75 адам ал эми “КРнын Муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси менен 35 адам сыйланды.
Эске салсак, Быйыл өкмөттөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар кесиптик майрамын 23-июнда бир күндө майрамдашсын деген токтом чыккан. Анткени, буга чейин муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы болгон эмес. Алар бул күндү жергиликтүү жамааттар күнү менен биргеликте майрамдашып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий