• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда автоунаа мамыны сүзүп, айдоочусу каза болду – фото

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Чүй облусунун Ленин айылында 16-апрель болжол менен саат 01:30да "Nissan Cefiro" үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги мамыны сүзүп, анын айдоочусу каза болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 34 жаштагы айдоочу Бишкек тарапка бара жаткан. Ал унааны башкара албай, мамыны сүзгөн. Алган жаракаттарынан улам ал, ошол жерде эле каза болгон.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий