• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ленин айылында "Дөөлөт" үй-бүлө жана балдарга жардам көрсөтүү борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Аламүдүн районунун Ленин айылында 14-июнь күнү "Дөөлөт" үй-бүлө жана балдарга жардам көрсөтүү, маданий-эс алуу ишмердик борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Чүй облусунун Аламүдүн районун акими Марс Саккараев, Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Каиркүл Бекова катышкан.

Ализа Солтонбекованын айтымында, Борбордун негизги максаты – бул турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөргө, балдарга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү.

"Дөөлөт" борборунда турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр, балдар сапаттуу психологиялык, укуктук жардамдарды ала алышат. Бул жерде балдар үчүн атайын ийримдер –комуз ойноо, сүрөт тартуу, чет тилин үйрөнүү уюштурулат. Мындан тышкары балдарды мектепке даярдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт", - деген министрдин орун басары.

Аталган борбор 50 адамга ылайыкталып, жергиликтүү бийликтин бюджетинин эсебинен каржыланат

Пикир

Оставить комментарий