• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ленин айылындагы мүрзөдөгү вандализм боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Коом 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Ленин айылындагы мүрзөдөгү вандализм боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 17-октябрь күнү Аламүдүн районунун милиция бөлүмүнө Ленин айылындагы мүрзөдөгү эстеликтер талкаланганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.

Белгилүү болгондой, белгисиз адамдар мүрзөдө турган бир нече эстеликти талкалап кетишкен.

Бул окуя боюнча күбөлөр суралып, алар билдиргендей 15-октябрь күнү өзүнүн тууганын жерге берүү үчүн келгенде эки-үч эстелик жерде жатканын көрүшкөн. Бирок, алар шамалдан улам кулап калган деп ойлошкон. Андан кийин 17-октябрь күнү мүрзөгө келгенде дагы бир нече эстелик жерге жатканын байкап, милиция кызматкерлерине кабарлашкан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жоруктар тууралуу кодекстин 131-беренеси боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий