• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ленин чокусунда альпинисттерди көчкү басып калган, жабыркагандар жок

Коом 0


Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Швед туристи Магнус Линдквист (Magnus Lindkvist) Кыргызстандын түштүгүндөгү Ленин чокусунда альпинисттерди кар көчкү басып калган видеону Youtube аркылуу жарыялаган.

Анда окуя 2017-жылдын 16-июлунда болгону жазылат.

Кар көчкү 8 адамды басып калган, алардын эч кимиси жабыркаган эмес. Бирок альпинисттик жабдууларын жоготушкан.

Видео деңиз деңгээлинен 5300 метр бийиктикте №2 лагерде тартылган.

Youtube каналында видео 2017-жылдын 29-августунда Магнус Линдквист тарабынан жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий