• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ленин чокусунда жоголгон альпинисттин сөөгү 6200 метр бийиктиктен табылды

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда жоголгон альпинисттин сөөгү 6200 метр бийиктиктен табылды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эс алганы келген 1974-жылкы И.И., аттуу россиялык жаран 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон. Акыркы жолу саат 18:40та байланышка чыккан.

"4-август күнү издөө иштерине ӨКМден 10 куткаруучу тартылган. Андан тышкары, Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынан 6 альпинист тартылып, алар 6200 метр бийиктиктен маркумдун сөөгүн табышкан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий