• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ленин чокусундагы таштандыларды тазалоо боюнча акция башталды

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Ленин чокусундагы таштандыларды тазалоо боюнча акция башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, таштанды тазалоо акциясы 8нен 25-августка чейин уланат. Акция министрликке караштуу Туризм департаменти тарабынан демилгеленип, Швейцария өкмѳтүнүн, Европа биримдиги, Хельветас Кыргызстан, Ага Хан фонду жана ПРООНдун каржылык колдоосунда өтүүдө.

Донорлор тарабынан иш-чарага 17 миң 620 АКШ доллары бѳлүнгѳн. Бул каражаттар альпинисттер-гиддерди тамактандырууга, жатаканасына жана алардын кызмат акысын тѳлѳѳгѳ, чогултулган таштандыларды Ленин чокусунан Даарот-Коргон айылында таштанды полигонуна чыгарууга, кап, кол кап жана башка керектүү жабдыктарга жумшалат.

2018-2019-жылдары Кыргыз Республикалык альпинисттик клубунун Нэпиер Эдинбург Университети (UK) менен биргеликте ѳткѳрүлгѳн изилдѳѳлѳрүнѳ ылайык Ленин чокусунда экологиялык кырдаал оор абалда болгондугу аныкталган.

"Бүгүнкү күнгѳ альпинисттик туризмдин натыйжасында Ленин чокусунда советтик мезгилинен бери абдан кѳп таштанды чогулган. Ушуга байланыштуу, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти таштандыны мезгилдүү тазалоо, лагерлердин талаптагыдай санитардык абалын сактоону камсыз кылуу жана Ленин чокусунда экологиялык абалын кѳзѳмѳлдѳѳсүн уюштурууну ѳз алдына милдет кылып койгон", - деп айтылат маалыматта.

Тазалоону уюштуруунун татаалдыгы катары бийик тоодо 3600-6300 метр бийктикте альпинисттер лагерлери жайгашкан. Ушуга байланыштуу таштандыларды тазалоо бир гана кесипкөй альпинисттердин катышуусунда жана координациялоосунда гана мүмкүн.

Мамлекеттик органдардын, Чоң-Алай районунун ѳз алдынча башкаруу органдарынын, Кашка-Суу айыл өкмѳтүнүн, Ленин чокусунун туроператорлордун Ассоциациясынын жана эл аралык уюмдарынын катышуусу менен биргелешкен кеңешмелеринин жана талкуулоолорунун жыйынтыгында Ленин чокусунун аймагын булгоону алдын алууга жана Ленин чокусунун экологиялык абалын кѳзѳмѳлдѳѳ механизмин киргизүүгѳ багытталган бир нече чаралар иштелип чыккан.

Бул демилге туризмди экологиялык, туруктуу ѳнүктүрүүгѳ жана келерки сезондорунда туристтер үчүн Кыргызстандын жагымдуулугун жогорулатуусуна түрткү болот.

Пикир

Оставить комментарий