• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ленин округунан шайлоо. Дагы бир талапкер добуш сатып алууга шектелүүдө – УКМК

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин округунан шайлоодо добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Комитеттин маалыматына ылайык, кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон.

Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө жана сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды.

Учурда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, жыйынтыгында чогултулган материалдар БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, эки шектүү кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий