• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери күйүп жаткан унааны өчүрүүгө жардам көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн милиционерлери күйүп жаткан унааны өчүрүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-майда саат 11:00 чамаларында, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №68 Кармоо тобунун башчысы, милициянын прапорщиги Б.Бейшеналиев, милиционер автоматчы А.Эсенов, милиционер айдоочусу К.Нурбаевдердин курамында кайгуул уюштуруу учурунда, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана А.Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде “Volkswagen” үлгүсүндөгү минивен автоунаасы өрттөнүп жаткандыгын байкап, аны токтосууздан өчүрүүгө аракеттенишип, чыккан өрттүн жайылышын токтотушкан.

Унаа ээси, милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий