• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ленин райондук салык органынын кызмат адамдары кызматтан бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 3 кызмат адамы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка 9-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Тактап айтканда, Ленин райондук салык органынын начальниги, ушу органдын бөлүм начальниги жана башкы инспектору ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Аталган салыкчылар кызычылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кармалгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулушту.

Пикир

Оставить комментарий