• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Шаардык муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Токтосун Султанов өзүнүн берген арызынын негизинде Ленин райондук администрациясынын башчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна акимдин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев дайындалды.

Эскерте кетсек, мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу ротация тартибинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпсекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Ал эми Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу Азамат Кадыров аткарат. Ал буга чейин башчынын орун басары болуп иштеп келген.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий