• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ленин районунда милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасында "Лидер" иш-чарасын жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунда 9-11-февралда балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алууга жана бөгөт коюуга, ошондой эле өспүрүмдөрдү кылмыш жасоого түрткөн чоң адамдарды аныктоого багытталган "Лидер" аталышындагы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Райондук милициясынын маалыматы боюнча, профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери өспүрүмдөр көп чогулган жерлерге барып, алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды жана психоактивдүү заттарды колдонууга жол берилбестиги, тамеки тартуунун зыяндуу кесепеттери жөнүндө маек курушту.

Ошондой эле райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору тарабынан жалпы билим берүүчү мектептерде "Мектеп рэкетинин алдын алуу" жана "Топтук мушташтардын алдын алуу" темаларында лекциялар дагы окулду.

Эске салсак, иш-чара ички иштер башкармалыгынын бардык өздүк курамынын катышуусу менен күндүзгү жана түнкү убакытта өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий