• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ленин районунун акими “Дыйкан” базарынын жумушчуларынын митингинин себептерин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 13-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек шаардык Ленин районунун акими Нурдин Тынаев анын кызматтан кетүүсүн талап кылып, бүгүн борбордо уюштурулган митингдин себептерин “Кабар” агенттигине түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, чындыгында каршылык акциясынын себептери “Дыйкан” базарынын техникалык бузууларга байланыштуу Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан жабылышы болгон. “Мындан тышкары, 1-мартта Каржы полициясы базардын башчысы Анарбек Саитказимовго карата кылмыш ишин козгогон. Эсеп палатасынын бүтүмү боюнча, ал 9 жыл бою жыл сайын 7 млн 100 сом өлчөмүндөгү жер салыгын төлөбөй койгон. Буга чейин “Дыйкан” базары муниципалдык катары түзүлүп, андан соң А.Саитказимов аны жеке менчикке өткөрүп алгандыгын белгилей кетүү керек. Учурда митингге чыккандардын 80%ы базардын жумушчулары эмес, себеби алар буга чейин эле башка орундарга көчүрүлгөн. Булар шаардан 2 сомго чогултулган жумушсуздар болуп саналат”, - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, Нурдин Тынаев Фучик көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. “Быйыл биздин район 32 көчөдө, жалпысынан 50 чакырым жолду оңдоо иштерин пландап жатат. Алардын 15 биз кытай грантынын эсебинен, калганын жергиликтүү бюджеттен каржылайбыз. Фучик көчөсү быйыл темир жолго чейин толугу менен оңдолуп, магистралга чейин жасалат. Келерки жылы иш уланып, Бах көчөсү менен бириктирилет. Андан соң аэропорттон Мамлекеттик резиденцияга чейин түз жол ачылып, маанилүү коноктордун сапарлары учурунда жолдорду жабуу болбойт”, - деди Ленин райондук администрациясынын башчысы.

Бүгүн, Бишкекте “Ак үйдүн” алдында “Дыйкан” базарынын жумушчулары митинг өткөрүштү. Алардын айтымында, Фучик көчөсүн оңдоо иштерине шылтоолоп базардын кирүүчү жагын жабып коюшкан. Алардын талаптарынын бири – Ленин районунун акиминин кызматтан кетиши.

Пикир

Оставить комментарий