• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ленинград облусунда кыргызстандыктын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.17 /Кабар/. Ленинград облусунда 38 жаштагы Кыргызстандын жаранынын сөөгү табылды. “Невские новости” интернет-сайтынын маалыматы боюнча анын өлүмүнүн себебин дароо аныктоого мүмкүн болгон эмес. Зордук менен өлтүрүү белгилери денесинде байкалган эмес, ошондуктан сөөктү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүшкөн.

Адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат Аннолово айылынан келип түшкөн. Аны жергиликтүү тургун байкап калган. Жерине келген адистер адамдын өлүмүн ырасташты.

Полиция кызматкерлери дароо өлгөн адамдын өздүгүн аныктап, ал 38 жаштагы Кыргызстандын жараны, петербург темир конструкцияларынын өндүрүшүнүн биринин жумушчусу болуп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий