• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лев Лещенко коронавирус жуктуруп алгандыгы айтылды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.03.20 /Кабар/. Коммунаркадагы медициналык комплекстин башкы дарыгери Денис Проценко Лев Лещенкодо коронавирус аныкталгандыгын билдирди, деп жазат РИА Новости.

Маалыматка ылайык, артист ооруканага пневмония оорусу менен келип түшкөн. “Кошумча текшерүүдөн соң, анда коронавирус инфекциясы аныкталган”, - деп кошумчалаган дарыгер.

Биринчи суткаларда Лещенконун абалы начарлаган: дем алуусу оорлоп, кан айлануусу начарлаган. Ошондон улам аны жандандыруу бөлүмүнө которуу чечими кабыл алынган.

“Азыркы убакта 78 жаштагы ырчынын абалы туруктуу, кошумча дем алдыруунун зарылдыгы жок. Биз анын андан аркы дарылануусун госпиталдык бөлүмдө улантууну пландоодобуз” – деп жыйынтыктаган дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий