• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Левандовский Месси жана Мбаппени артта калтырып, жылдын мыкты бомбардири аталды

Спорт 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. "Бавария" клубунун чабуулчусу жана Польша командасынын оюнчусу Роберт Левандовский 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты бомбардир аталды. Бул тууралуу Marca билдиргенин Чемпионат басылмасы жазат.

Левандовский 2019-жылдын 1-январынан тарта "Бавария" жана Польшанын командасынын курамында 59 оюнга катышып, 54 гол киргизгенге жетишкен.

Экинчи орунга "Барселона" жана Аргентинанын курамасынын катарында ойногон Лионель Месси турат. Ал бир жыл ичинде 58 оюнда 50 гол киргизген.

Ал эми үчүнчү орунда "ПСЖ" жана Франциянын командасынын оюнчусу Килиан Мбаппе жайгашты. Футболчу 49 беттеште 44 гол жаратканга үлгүргөн.

Эскерте кетсек, Левандовский "Бавария" клубуна 2014-жылы келген.

Пикир

Оставить комментарий