• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Lexus 570» жана «Toyotа». Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген автоунаалар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды кармашты.

Бажы кызматынан билдиришкендей, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген төмөнкү автоунааларды кармашты:

- «Lexus 570» 1 даана;

- «Toyota Highlander» 1 даана; -

«Toyota 4 Runner» 2 даана.

Аталган фактылар боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү 12 млн 997 миң 877 сомду түзөт.

Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий