• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ли Кэцян Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповду өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өз куттуктоосунда Кытай Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян эки тараптуу мамилелердин, эки өлкө ортосундагы достуктун, саясий өз-ара ишенимдин жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.

Ал өз-ара пайдалуу жана көп багыттуу кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Мамлекеттик кеңештин Премьери Ли Кэцян Премьер-министр Улукбек Мариповго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жоопкерчиликтүү кызматтагы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий