• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ли Нак Ён: Корея эки жактуу кызматташтыкты чыңдоо маселесине зор маани берет

Саясат 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Корея Республикасы эки жактуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерине зор маани берет. Бул тууралуу Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстандын өкмөт башчысы менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Белгилей кетсек, Ли Нак Ён кечээ Кыргызстанга расмий визит менен келген.

Ли Нак Ёндун айтуусунда, Кыргызстан жана Кореянын ортосундагы кызматташтыктын потенциалы чоң, ал эми өлкөлөр дүйнөлүк рынокторго биргелешип чыгуу үчүн жакшы мүмкүндүктөргө ээ.

"Инвестициялык климаттын жакшыруусу корей инвестицияларынын өсүшүнө алып келет, анткени корей бизнеси ар түрдүү чөйрөлөрдө кызматташууга даяр", - деп баса белгиледи Кореянын премьер-министри.

Өз кезегинде Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы үзүрлүү болгонун абдан чоң канааттануу менен белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий