• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ли Нак Ён: Түштүк Корея Кыргызстандын аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалайт

Саясат 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. "Биз Кыргызстандын аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалайбыз", - деп билдирди Түштүк Кореянын өкмөт башчысы Ли Нак Ён Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон кеңири курамдагы жолугушуусунда.

Ал Кыргызстан менен дипломатиялык алака 1992-жылы түзүлгөнүн белгиледи.

Ли Нак Ён президент С. Жээнбеков менен өкмөт башчы М. Абылгазиевдин демократия жолунда жана мамлекет баалуулуктарын алга жылдыруудагы лидерлик сапаттарын баалай турганын айтып өттү.

"Ошондой эле, кыргыз тараптын ШКУ жана ЕАЭБдин алкагында аймактык кызматташууга кошкон салымын баалайбыз", - деди ал.

"Корея Республикасынын өкмөтү Евразия жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөөдө жана ал кызматташууну активдештирүү үчүн жаңы түндүк саясатын жүргүзүүдөбүз. Учурда Кыргызстан да Улуттук өнүгүү стратегиясын активдүү жүргүзүүдө. Биздин мамлекет жана өкмөттөрдүн саясатынын бул эки башкы багыты эки тараптуу алаканын бекемделишине жардам берет деп ишенем". - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий