• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ли Нак Ёндун КРга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

-2016-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Деңиз институтунун ортосундагы меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин улуттук дипломатиялык академиясынын ортосундагы меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга парафирленген макулдашуу.

Пикир

Оставить комментарий