• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Liglass Trading 37 млн долларды али которуша элек, бирок убакыт бар - Жээнбеков

Коом 0

БИШКЕК, 21.08.2017 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Liglass Trading CZ SRO компаниясы “РусГидрого” төлөнүүчү 37 млн долларды которо элек. Бул тууралуу журналисттер менен бейформал жолугушууда КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, чехтердин дагы убактысы бар. “Бул жакшы келишим. Иш жүрүп жатат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-июлунда Кыргызстан Liglass Trading CZ SRO чех компаниясы менен Кыргызстанда ГЭСтерди куруу келишимине кол коюшкан.

Буга чейин бул долбоорду россиялык “РусГидро” компаниясы баштаган. Бирок, 2014-жылдагы кризистен улам долбоор токтоп, 2016-жылы Кыргызстан россиялык тарап менен келишимди бузган.

Пикир

Оставить комментарий