• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкомитет Liglass Trading 37 млн долларды кайсы мөөнөткө төлөшү керектигин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен “Liglass Trading CZ, SRO” Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча 37 млн долларды 2017-жылдын 19-сентябрына чейин төлөшү керектигин түшүндүрүштү.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстан менен чехиялык компаниянын ортосундагы келишим төрт жактуу болуп саналат.

Инвестициялык келишим бардык тараптар, тактап айтканда, КР Өкмөтү, чехиялык “Liglass Trading CZ, SRO” компаниясы, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААК жана “Электр станциялары” ААК кол койгон соң күчүнө кирет.

КР Өкмөтү жана “Liglass Trading CZ, SRO” тарабынан келишимге 2017-жылдын 10-июлунда кол коюлган. Ал эми “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААК жана “Электр станциялары” ААК инвестициялык келишимге 2017-жылдын 4-августунда кол коюшкан.

Ошентип, 2017-жылдын 4-августу Инвестициялык келишимдин кол коюлуп, күчүнө кирген күнү болуп саналат.

Жогоруда келтирилгендерге байланыштуу майрам күндөрүн (31-август, 1-сентябрь) эске алуу менен 37 млн долларды төлөө мөөнөтү 2017-жылдын 19-сентябрында аяктайт, -деп түшүндүрүштү Мамлекеттик комитеттен.

Пикир

Оставить комментарий