• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу жазылган маалыматтарга карата Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү маалымдайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буга чейин ГЭС куруу боюнча «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен түзүлгөн келишимин бир тараптуу жокко чыгаргандыгы тууралу токтомго кол койду.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен мындан аркы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок.

Буга чейин, 2017-жылдын 5-октябрында, «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын жетекчилигинин көп жолку өтүнүчүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде «Liglass Trading CZ s.r.o.» чех компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын өкүлдөрүнө ортодо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттерди убагында аткарбаган учурда кыргыз тарап чечимди бир тараптуу жокко чыгарары тууралуу айтылган.

Белгилейт кете турган болсок, бул жолку сүйлөшүүлөр Жогорку-Нарын каскадына ГЭСтерди куруу боюнча үч айдын ичинде талаш-тартышты чечүү үчүн түзүлгөн келишимдин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.

Айта кетсе турган болсок, жолугушуу маалыманда «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын өкүлдөрү талаш-тартыштарды чечүү боюнча өздөрүнүн сунушун берген. Бул сунуш кыргыз тарап үчүн канааттандырарлык эмес болгон. Анткени ал сунуш келип чыккан маселени чечпей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча чараларды көрүүсүн талап кылган сунуш эле. Бул өзүнчө дагы кошумча убакытта талап кылгандыктан ортодогу сүйлөшүүлөрдөн оң жыйынтык чыкпай, тараптар консенсуска келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий