• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Liglass Trading Кыргызстандан 1 млн 147 миң долларды кайтарууну талап кылууда

Экономика 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Liglass Trading CZ s.r.o. чех компаниясы Кыргызстандын өкмөтү менен ГЭСтердин курулушу боюнча келишим тууралуу позициясын түшүндүрдү, -деп жазат “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы.

“Азаттык” радиосуна жөнөткөн маалыматта кыргыз тарап аталган компаниянын кепилдик үчүн төлөгөн 1 млн 147 миң долларын мыйзамсыз кармап отурганы, ал сумма 11-августка чейин эле кайтарылып берилиши керектиги айтылат.

Долбоорду ишке ашырууда кыргыз тарап принципиалдуу тоскоолдуктар тууралуу маалыматты жашырганы, "РусГидронун" сотко бере турганы эскертилбегени белгиленген. Кыргыз бийлигин “келишимде көрсөтүлгөн негизде иш алып барбай, тышкы таасирлердин зыянын чектөөгө эч кандай аракет көргөн жок, абалдан чыгуу үчүн сүйлөшүүлөргө катышкан жок” деп күнөөлөгөн. Мына ушул себептерден улам Liglass 37 млн долларды төлөбөгөнү айтылат. Маалыматка караганда, Liglass күрөө үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып берүү боюнча кыргыз бийлигине алгач 11-августта, андан кийин 17-августта жана 14-сентябрда кат аркылуу кайрылган. "17-сентябрда жеке жолугушуу зарылдыгын белгилегенине карабай вице-премьер-министр ага келген жок", - деп жазылган.

Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Traiding компаниясы келишимди аткарбаганын белгилеп, аны бир тараптуу жокко чыгарарын жарыялаган. Ал эми юстиция министри Уран Ахмедов аталган компания күрөө катары төлөгөн 1 млн 147 миң доллар Кыргызстанда каларын айткан.

Мунун алдында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Кыргызстандагы 10 чакан ГЭСти куруу үчүн келишим түзгөн чехиялык Liglass Trading компаниясы каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин 18-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйынында ачык жарыялашкан.

Liglass Trading компаниясынын өкүлдөрү мындай кырдаалга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Компания жетекчиси Михаэл Смелик кол койгон билдирүүдө кыргыз өкмөтүнө кайра сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча сунуш берилгени айтылат.

Кыргыз өкмөтү аталган компания менен быйыл июлда келишимге кол койгон. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышкан болчу.

2015-жылы Кыргызстан "ишти үзгүлтүккө учуратты" деген негизде Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгаргандан кийин кыргыз тарап "РусГидрого" 37 млн доллар бересе болуп калганын орус тарап айтып келет. Кыргыз өкмөтүнүн айтымында, чехиялык компания менен түзүлгөн келишим боюнча бул акчаны Liglass 19-сентябрга чейин төлөп бериши керек эле.

Пикир

Оставить комментарий