• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Liglass Trading маселесин айрым талапкерлер саясий максаттарда колдонушууда - Исаков

Экономика 0

Бишкек, 21.09.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Liglass Trading менен байланыштуу маселелерди айрым талапкерлер саясий максаттарда колдонушууда. Бул тууралуу КР өкмөтүнө караштуу бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңешинин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Ал бул чехиялык кампания башка компаниялар менен биргеликте чакан ГЭСтер боюнча сынакка катышканын билдирди.

“Анда кызыктуу деталь болгон. Сынакта компания кошумча кызматтарды сунуштай алат деген графа болгон. Ошондой алар Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууну сунушташкан. Сынактан жеңип чыгышып, сүйлөшүүлөр башталганда шарттар “РусГидро” менен кандай болсо ошондой калары келишилген. Ошол эле учурда алар россиялык тараптын үлүшүнө ээ болуу үчүн аларга 37 млн долларды төлөп берүүлөрү керек болгон. Мага компания тиешелүү түрдө мамлекеттин эсебине 1 млн 200 миң доллар которгонун билдиришти. Бул акча биздин эсепте. Биздин позиция компаниянын төлөшүн күтүү болгон. Белгиленген мөөнөттө алар төлөбөгөндүктөн, келишим бузулду”,- деп түшүндүрдү ал.

Сапар Исаков бүгүн бул маселени ашкере саясатташтыруу жүрүп жатканын, себеби бул айрым саясатчылар үчүн саясий максатта колдонууга жакшы курал болгонун белгиледи.

“Мен бул өкмөттүн ишинин чала аткарылганы деп айткым келет. Бирок, биз ошону менен бирге мындан аркы аракеттерди жасайбыз. Турмушта мындай процесстер болот. Бирок, саясатташтыруунун аркасында бул маселе талкууланып жатат”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын өкмөтү Liglass Trading менен келишимдин бузулганы тууралуу билдирди. Себеби компания 37 млн долларды төлөгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий