• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Liglass Trading” тендерге катышуу үчүн кепилдик төлөмүн төлөгөн

Коом 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. КР Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана тоо-кен иштетүү комитети бир катар ЖМКларда “Liglass Trading CZ, SRO” чех компаниясы тендерге катышуу кепилдик төлөмүн төлөбөгөнү тууралуу маалыматтарын четке какты.

Мамкомитеттин билдирүүсүндө төмөнкүдөй айтылат:

“Атайылап кырдаалды курчутуу жана долбоорду дискредитациялоо боюнча такталбаган, кээде жалган маалыматтарды жайылтуу улантылууда.

Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана тоо-кен иштетүү комитети эстүүлүккө чакырып, айрым ЖМКлар жана саясатчылар козгогон негизсиз ызы-чууну токтотууга үндөйт.

Мамкомитет бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирет.

Эми кепилдик төлөмү тууралуу. Өткөрүлгөн тендердин шарттарына ылайык, катышуучу компаниялар кепилдик төлөм төлөнгөнү тууралуу документти көрсөтүүлөрү керек. Кепилдик төлөм тендерге катышуучуларга милдеттүү болуп саналат жана мамкомитеттин депозиттик эсебине түшөт.

“Liglass Tradingcz, SRO” компаниясы кепилдик төлөмдү төлөгөнү тиешелүү документтер менен ырасталат. Бул документ Каржы министрлигине берилген.

Ошентип, чехиялык компания ГЭСтердин курулушу боюнча тендерге катышканы тууралуу кепилдик төлөм төлөбөгөнү жөнүндө маалыматтар жалган.

Компания кепилдик төлөмүн 1 млн 147миң 719 АКШ доллары өлчөмүндө жана 2 млн сом катышуу акысын төлөгөн”.

Пикир

Оставить комментарий