• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Liglass Traiding форс-мажордон улам 37 млн долларды төлөө мөөнөтүн жылдырууну сурайт

Коом 0

Бишкек, 18.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Liglass Traiding форс-мажордук жагдайлардан улам Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча 37 млн долларды төлөө мөөнөтүн жылдырууну сурайт. Бул тууралуу брифингде Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, эртең алардын акча которууга акыркы күнү.

“Бүгүнкү күнү чехиялык компаниядан төлөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчү келип түштү, кандай мөөнөткө экени көрсөтүлгөн эмес. Кат жаңы келип түштү, аны карап жатабыз. Чиновниктердин пикирин уккан соң, аны премьер-министрге беребиз. Премьер кандай чечим кабыл аларын мен билбейм”, - деди ал.

Зилалиев алар форс-мажорго таянып жатышканын белгиледи. “Аларга саясий күчтөр тоскоол болгон. Башкача айтканда медиа аңдуу жана каралоо алардын каржылык ресурстарына терс таасирин тийгизген”, - деп кошумчалады Зилалиев.

“Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, бул үчүн мен жоопкерчиликтүүмүн”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Liglass Traiding Кыргызстанда Жогорку Нарын каскад ГЭСин жана дагы 10 чакан ГЭСтерди курууга тендерди утуп алган.

Келишимге 10-июлда Бишкекте кол коюлган.

Ага ылайык, инвестор “Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары” ЖЧКсынын уставдык капиталына 37 млн доллар салышы керек.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын январынан баштап Кыргызстан Россия менен ЖНК ГЭС курулушу боюнча 2012-жылы кол коюлган келишимди жокко чыгарган.

“РусГидро” россиялык компаниясы долбоорго 37 млн доллар салганын билдирип, Кыргызстандан аны төлөөнү талап кылган.

Келишимге ылайык, карызды төлөө мөөнөтү 19-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий