• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Liglass Traiding компаниясынын ЖНК ГЭС долбоорун ишке ашырууга акчасы бар – Михаил Смелик

Коом 0

Бишкек, 18.09.2017 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Liglass Traiding компаниясынын Жогорку Нарын каскады ГЭС долбоорун ишке ашырууга каражаты бар. Бул тууралуу Бишкетеги маалымат жыйында компаниянын башкы директору Михаил Смелик билдирди.

Анын айтымында, компания ГЭС куруу ниетин билдирген соң, демек, анын каражаты бар. Смелик Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Liglass Traiding компаниясын тандаган себеби ал 100% өзүнө таандык.

“Таза компания, эч кандай карызы жок же банкрот болгон эмес. Мен дайыма компания жаңы долбоорго даяр болушу үчүн эч нерсе менен алектенбегендей кылам. Муну мен бардык жерде колдоном”, - деди чехиялык компаниянын башчысы.

Михаил Смелик анын компаниясынын жылдык айлантуусу 100 млн евро экенин кошумчалады.

2008-жылы, белгилүү болгондой, компаниянын жүгүртүүсү 700 млн доллар болгон.

Белгилей кетсек, Liglass Traiding Кыргызстанда Жогорку Нарын каскад ГЭСин жана дагы 10 чакан ГЭСтерди курууга тендерди утуп алган.

Келишимге 10-июлда Бишкекте кол коюлган.

Ага ылайык, инвестор “Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары” ЖЧКсынын уставдык капиталына 37 млн доллар салышы керек.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын январынан баштап Кыргызстан Россия менен ЖНК ГЭС курулушу боюнча 2012-жылы кол коюлган келишимди жокко чыгарган.

“РусГидро” россиялык компаниясы долбоорго 37 млн доллар салганын билдирип, Кыргызстандан аны төлөөнү талап кылган.

Келишимге ылайык, карызды төлөө мөөнөтү 19-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий