• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лимон ширеси кошулган суу организмге пайдалуу

Дүр дүйнө 0

Ар күнү таң эрте лимон ширеси кошулган жылуу суу ичүүнү адатка айлантуу пайдалуу. Бул адат адамдын өзүн жеңил сезүүсүнө жардам берип, саламаттыгына да бир нече пайдалуу таасирлерди берет.

Лимон ширеси кошулган суу чаңкоону кандырып гана тим болбостон, организмди витаминдер, минералдар жана микроэлементтер менен азыктандырат. Ошондой эле, ал организмдин кычкыл-щелочтук балансын калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул өз кезегинде оорулардын алдын алып, ашыкча салмактан арылууну шарттайт. Лимондуу суу – мыкты табигый энергия булактарынын бири.

Эмне үчүн эртең менен лимондуу суу ичүү керек? Уйкудан ойгонгондо денебиздин ткандары токсиндерди чыгарып, клеткалардын жашаруусу үчүн сууга муктаж болот. Мындай үй лимонады ички токсиндерден арылып, бөйрөк, тамак сиңирүү трактынын ишин жөнгө салат.

— Тамак-ашты сиңирүүгө жардам берет;
— Боорду тазалайт: боордон токсиндердин чыгышына жардам берет;
— Дем алуу органдарынын инфекциялары менен күрөшүүгө жардам берет;
— Ичеги-карынга пайдалуу;
— Иммундук системаны бекемдейт: лимон күчтүү антиоксидант, ал организмди эркин радикалдардан коргойт;
— Нерв системасынын ишин жөнгө салат. Депрессия жана тынчсыздануу канда калийдин жетишсиздигине байланыштуу. Ал эми лимон калийге бай;
— Кан басымын төмөндөтөт. Күнүнө бир лимон жогорку кан басымын 10%га кыскартат;
— Муун жана булчуң эттердин ооруларын азайтат;
— Терини жакшыртат. Лимондогу С витамини теринин абалын жакшыртып, организмди жакшыртат;
— Зарынадан арылтат. Бул үчүн бир чай кашык лимон ширесин жарыс стакан сууга аралаштыруу керек;
— Ашыкча салмак менен натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет;
— Рактын алдын алат. Бул лимондун щелочтуу экенине байланыштуу. Изилдөөлөр боюнча щелочтуу чөйрөдө рак өнүгө албай турганын көрсөткөн.

Жогорудагыларды текшерүү үчүн бир нече жума жарым лимондун ширеси кошулган бир стакан сууну күн сайын ичип көрүңүз. Өзүңүздү жеңил сезип калышыңыз керек.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий