• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөлдүн өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Укук тартиби 0

yБишкек, 28.03.20. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү “Лимонти” каймана аты бар Алмаз Сулаймановду өлтүрүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Нарын шаарында болжол менен саат 12:50дө «Тойота-Пассо» жана «Лексус 570» үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочунун ортосунда чыр чыгып, бир айдоочу экинчисине бычак сайган. “Андан соң 1995-жылы туулган Ш.М. аттуу айдоочу милициянын имаратына келип, адам өлтүрүп алгандыгы тууралуу билдирген”, - деп кабарлашты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ал эми айрым массалык маалымат каражаттары жазгандай, шектелүүчү Ш.М. – 1998-жылы өлтүрүлгөн Имаш Шамиевдин уулу Талгат Шамиев. Ал Сулайманов өлтүргөн атасы үчүн өч алган.

Пикир

Оставить комментарий