• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Линза тагынып сууга түшкөн Британиянын тургуну азиз болуп калды

Дүйнө 0

Бишкек, 19.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Линза тагынып сууга түшкөн Британиянын 41 жаштагы тургунунун бир көзү көрбөй калган, - деп жазат LiveScience порталы.

Маалыматка ылайык, көзүнүн көрбөй калуусуна сейрек көз инфекциясы себеп болгон. 41 жаштагы айым эки ай бою көз оорусунан улам дарыгерге кайрылган. Ооруканадан бир жолу тагынчу линза колдоноорун жана сууга түшкөндө чечпей турганын билдирген.

Британиялык айымдын сол көзү начар көргөндүктөн юридикалык жактан бир көзү азиз деп эсептелинген. Көз дарыгерлери көзүнүн чел кабыгы тунарып калганын көрүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында сейрек кездешүүчү "Акантамебдук кератит" инфекция экени байкалган.

Дарыгерлер сол көзүнө жасалган операциядан кийин көз оорусу басаңдап калган, бирок көзүнүн көрүүсү жарым-жартылай гана оңолгон деп билдиришкен.

"Акантамебдук кератит" – сейрек кездешүүчү оору, анда Acanthamoeba амебасы көздүн кабыгына кирип кетет. Ал көздүн көрүүсүнүн начарлашына же таптакыр көрбөй калуусуна алып келет. АКШ жана Россия өлкөлөрүндө аталган оору менен линза колдонуунун байланышы бар экени айтылат.

Ушундан улам дарыгерлер линзаны колдонуунун алдында талапка ылайык тазалап туруш керек экенин белгилейт. Бирок, башка өлкөлөрдө "Акантамебдук кератит" оорусу линза колдонбогондордо да катталган.

Пикир

Оставить комментарий