• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лицензиянын талаптарын аткарбаган 41 билим берүү уюмуна эскертүү берилди

Билим 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги апрель айынан тарта 60 билим берүү уюмунда лицензиялык талаптардын сакталышына текшерүү жүргүздү.

Ведомстводон билдиргендей, натыйжада 41 билим берүү уюму, анын ичинен медицина багыты боюнча билим берген 17 билим берүү уюмуна эскертүү берилди. Аларга лицензиялык талаптардын бузулушун жоюу үчүн мөөнөт берилди.

Мындан тышкары, министрлик жарандардын же уюмдардын арыздарынын негизинде пландык текшерүүлөрдөн тышкары үч билим берүү уюмунда текшерүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында эки билим берүү мекемесине эскертүү берилип, айып салуу чечими кабыл алынып, кийинчерээк бирөөсүнүн лицензиясы токтотулган.

Министрлик жарандарды жана уюмдарды билим берүү уюмдарынын лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалымдоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий