• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Люксембург айылында дүкөндүн алдында 6 жаштагы баланы тепкен шектүү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында дүкөндүн алдында 6 жаштагы баланы тепкен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде Ысык-Ата райондук милициясына Люксембург айылынын 28 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү болжол менен саат 18:30да 6 жаштагы баласын аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринин алдында белгисиз бирөө денесине залал келтиргенин айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү катары 26 жаштагы М.Н. аттуу жаран кармалган. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий