• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Люксембург айылында кичиавтобус оодарылып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Чүй облусунун Люксембург айылында “Мерседес спринтер” үлгүсүндөгү кичиавтобус оодарылып кеткен. Окуя болжол менен таңкы саат 05:00дөр чамасындо болгон.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, спринтер Бишкектин көздөй келе жатып, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан оодарылып кеткен.

Кырсыктан 1993-жылкы жүргүнчү кыз ооруканага кайрылган.

Инспекторлордун маалыматы боюнча, азырынча кырсыктын себеби белгилүү боло элек. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилген. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Пикир

Оставить комментарий