• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Люксембург айылында таштанды ташыган унаа адамды өлтүрө сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Чүй облусунун Люксембург айылында таштанды ташыган унаа адамды өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынын кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 27-декабрь күнү саат 15:00дөр чамаларында болгон.

“27 жаштагы унаанын айдоочусу таштандыларды чогултуп жатып, унааны артка бергенде ал жакта турган адамды байкабай коюп алган. Кырсыктан 57 жаштагы эркек киши көз жумган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий