• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Люксембургда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кечээ, 13-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Люксембургга сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Люксембург шаарындагы ардактуу консулдугунун ачылышы болду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Анын ачылышына КРнын Люксембургдагы элчиси М.Жумалиев жана ал жакта жашаган мекендештер катышты.

КРнын Люксембургдагы ардактуу консулу болуп Франк Вагнер мырза дайындалды. Ал ардактуу консул катары өз жумушунун, атап айтканда, Люксембургда жашаган КР жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, Кыргызстандын туристтик дараметин илгерилетүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Министр Ч.Айдарбеков ардактуу консул Ф.Вагнерди дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы кызматташтыкты бардык приоритеттүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча тараптар мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди.

Ушул эле күнү министр Люксембургдун борбор шаарында жакында ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө барды.

Пикир

Оставить комментарий