• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ливандагы жарылуу. Жүгү жарылган кеменин ээси суракка алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. 6-августта Кипр полициясы Ливандын борбор шаары Бейруттагы портто жүгү (аммиак селитрасы) жарылган кеменин ээси делген адамды суракка алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Кипр полициясы анын суракка айыпталуучу же күбө катары чакырылганын жана аты-жөнүн айткан жок. Бирок агенттиктин маалыматына караганда, ал — орусиялык ишкер Игорь Гречушкин. Буга чейин бул ысымды «Сибирь. Реалии» басылмасына берген интервьюсунда «Росус» кемесинин капитаны Борис Прокошев да атаган.

Ливандын бийлиги алты жыл мурда конфискациялаган 2 750 тонна аммиак селитрасы Бейруттагы портто 4-августта жарылган. Тергөө жарылуу ширетүү иштери маалындагы шалакылыктан улам келип чыккан деп божомолдоодо.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, жарылуудан 149 киши өлүп, 5 миңге жакын тургун жаракат алды. Куткаруу иштери аяктай электигине байланыштуу курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Жарылуу катуу болгондуктан андан кыйла алыс жайгашкан имараттардын да эшик-терезелери күбүлүп түшкөн. 250 миң тургун үй-жайсыз калды.

Ливандын бийлиги жарылуунун себептери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө 16 киши кармалганын билдирди. Алардын көбү порттун жумушчулары.

Бейшемби күнү Ливанга Франциянын президенти Эммануэль Макрон барды. Ал жарылуудан кийин бул өлкөгө барган алгачкы чет өлкөлүк лидер болду. Француз президенти ливан бийлигин экономиканы оңдоо жана акыркы кездери коррупцияга каршы акцияларга чыгып жаткан элдин нааразылыгын токтотуу үчүн тез арада реформаларды жасоого чакырды. Ал Ливанга акча чогулуу боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү убадалап, ошол эле маалда бийлик каражаттын жабыркагандарга жетишин камсыз кылышы керектигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий